Site icon Reporter.kg

Бишкектин мэриясы троллейбустардын каттамга чыкпай жатканынын себебин түшүндүрдү

Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаада троллейбустардын каттамга чыкпай жатканынын себебин түшүндүрдү.

Белгилүү болгондой, буга чейин мэрия Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун саммити өтө тургандыгына байланыштуу 4-7-ноябрда троллейбустар каттамга чыкпай турганын, саммиттен кийин кайра жүрө баштай турганын кабарлаган. Бирок мэриянын антип ишендиргенине карабай троллейбустар дагы эле каттамга чыга элек.

Бул маселе боюнча мэрия билдиргендей, троллейбустар токтотулган жайда электр кубаттоочу жабдыктарды орнотуу менен оңдоо жүрүп жаткандыктан, троллейбустардын каттамы токтотулду.

Ошол эле учурда шаар бийлиги буга чейин троллейбустардын ордуна заманбап электр автобустар каттай баштай турганы кабарланганын эске салып, азыртан эле троллейбустар газ менен жүргөн автобустарга алмаштырылып жатканын белгиледи. Учурда шаарда 1200 автобус 56 каттам боюнча элди ташып жатат.

Эскерте кетсек, быйыл мэрия Бишкектеги троллейбустардын көбүн каттамдан алып, Ош жана Нарын шаарларына берген. Борбор калаада №11 жана 14 каттамтагы троллейбустар гана калган.

Exit mobile version