Site icon Reporter.kg

Бишкектин мэриясы унааларды эвакуация кылуу укугун алууну көздөөдө

Бишкекте туура эмес токтотулган унааларды мэриянын ишканаларына, бөлүмдөрүнө эвакуация кылып кетүүгө уруксат берүү сунушталууда. Тиешелүу токтом долбоорду мэрия коомдук талкууга чыгарды.

Шаар бийлигинин маалыматы боюнча, борбор калаада күнүнө 400 миңге жакын унаа жолго чыгат. Унаанын көптүгүнөн тыгындар болот. Жол тыгынынын дагы бир себеби жол жээктерине тураа эмес токтотулган унаалар болууда. Мындан улам маселени чечүү үчүн туура эмес токтотулган унааларды тез эвакуация кылып кетүү маселеси турат. Ага байланыштуу мэрия Бишкектеги унааларды эвакуация кылуу укугун алардын ишкана, мекемелерине да берүүнү сунуштоодо.

Мэрия муну менен айдоочулар унааны туура жерге койгонду үйрөнүп, жергиликтүү бийликтин бюджетине кошумча киреше түшөт деген пикирде.

Exit mobile version