Экс-мэрлердин сотунда жактоочу судьяга ишенбөөчүлүк көрсөттү

Экс-мэрлердин сотунда жактоочу судьяга ишенбөөчүлүк көрсөттү

Бүгүн, 6-декабрда Бишкектин Ленин райондук сотунда мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча отурум уланды.

Отурумда судья Кубанычбек Касымбековго карата коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы Сталбек Өмүркановдун жактоочусу Виталий Остриков ишенбөөчүлүк көрсөттү.

Жактоочунун түшүндүрмөсүндө, судьянын мындай кадамын алдын ала сүйлөшүп алган деп шектенди.

Ал эми Сталбек Өмүракунов сотто Кулматов мэр болуп турганда Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушу эпизоду боюнча айыпталууда.

Белгилей кетсек, Кулматов менен Ибраимов УКМКнын убактылуу кармоо жайында.

Кубанычбек Кулматовго карата 2018-жылдын май айында “коррупция” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, июнь айында камакка алынган. Ал Бишкектин «Калыс Ордо» конушундагы мектеп курулушу боюнча коррупцияга айыпталып жатат. Мамлекетке келтирилген чыгым 95 млн сомго жакын экенин айыптоочу тарап айтууда.

Мындан сырткары Албек Ибраимов «Дастан» ишканасы, муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз сатууга айып коюлууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>