Site icon Reporter.kg

Бишкектин мурдагы вице-мэри мамлекетке 5,1 млн сом кайтарды

Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри, «Тазалык» ишканасынын мурдагы башчысы Рыспек Сарпашев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалыатка караганда, 24-мартта УКМКнын улук тергөөчүсү Сарпашевди үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен кайрылып, анын негизинде сот Сарпашевди үй камагына чыгарган. Ал 9-апрелге чейин үй камагында болот.

Белгилүү болгондой, Сарпашев соттук-бухгалтердик экспертиза аныктаган 5 млн 167,5 миң сом зыяндын ордун толтуруп берген.

Эскерте кетсек, 23-мартта УКМК «Тазалык» муниципалдык ишканасынын экс-директору, Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Рыспек Сарпашев кармалганын билдирген.

Бишкектин мурдагы вице-мэри Рысбек Сарпашев кармалды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version