Site icon Reporter.kg

Триатлон боюнча Азия кубогунда окуучулар 6 медаль утушту

Бильярд жана велоспорт боюнча адистештирилген олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары триатлон боюнча Азия кубогунда 2 алтын, 2 күмүш жана 2 коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 10-сентябрда Ысык-Көлдүн жээгинде Бактуу-Долоноту айылында триатлон боюнча үч категория – «Суперспринт», «Олимпиадалык аралык» жана «Эстафета» боюнча Азия кубогу болуп өттү.

Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Россия, Словения, Япония жана Өзбекстандын командалары катышып, жалпы катышуучулардын саны 165 адамды түздү.

Триатлон боюнча Азия кубогунун жеңүүчүлөрү:

«Суперспринт» аралыгында:
Березовская Евгения – 1-орун.

Эркектер арасында «Эстафета» категориясында:
Маткаримов Мухамед – Али жана анын командасы – 1-орун;
Дядичкин Александр жана анын командасы — 2-орун;
Ажмал Ромал жана анын командасы – 3-орун.

Кыздар арасында «Эстафета» категориясында:
Вороная Алла  жана анын командасы – 2-орун;
Чалова Алимина жана анын командасы – 3-орун.

Мелдештин максаты — Кыргызстанда триатлон жана велоспорттун түрлөрүн жайылтуу жана андан ары өнүктүрүү. Сергек жашоо образын пропагандалоо, ошондой эле спорттун циклдик түрлөрү боюнча  спортчулардын  чеберчилик деңгээлин жогорулатуу.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version