Site icon Reporter.kg

Бишкектин райондорун кыргызча атоо. Мамдуманын депутаты үн катты

Россиянын Мамлекеттик думасынын эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары, депутат Светлана Журова Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиевдин Кыргызстандагы башка тилдеги жер аттарын, анын ичинде Бишкектеги райондордун аттарын кыргызчага өзгөртүү тууралуу сөзүнө үн катты.

Журова «Говорит Москва» радиостанциясына берген маегинде, аталган сунуш орус тилинен баш тартууга алгачкы кадамдар экенин билдирген.

«Бул жөн эле эмес. Ал аягында орус тилин толугу менен сүрүп чыгаруу үчүн алгачкы кичинекей кадамдар. Буга эч күмөнүм жок. Балким биз жактан, азырынча, андай кылбоо тууралуу өтүнүчтөр болот. Себеби бул нерсе Кыргызстандагы орус адамдардын укугун бузары шексиз. Мындай жол менен биздин байланыштар жоголо баштайт. Андан кийинки этап – мектеп, андан соң дагы бир нерсе, Грузиядагыдай болуп, жаштар, тилекке каршы, дээрлик орус тилинде сүйлөбөй калат. Украинада да ушундан башталганын билебиз. Улуттук мамлекеттик тилди коргоо сыяктуу көрүнөт, ошол эле учурда, кишилер орус тилинде сүйлөбөй турганын акырындап түшүндүрүп жаткандай», — деди ал.

Депутаттын айтымында, бул маселе тууралуу Владимир Путинге да кабарланышы мүмкүн.

«Балким Владимир Владимировичке жеткиришип, ал кесиптеши, Кыргызстандын президентине бир аз эскертүү берип коет», — деди ал.

Эскерте кетсек, 25-ноябрда Бишкекте өткөн Элдик курултайдын биринчи күнүндө Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Шакиев кыргыз тили тууралуу маселени көтөрүп, өлкөдөгү башка тилдеги жер-суу аттарын, анын ичинде Бишкектеги райондордун аттарын кыргызчага өзгөртүүнү сунуштаган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version