Site icon Reporter.kg

Бишкектин Сүйүмбаев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкектин Сүйүмбаев көчөсүнүн бир бөлүгү май айынын аягына чейин жарым-жартылай жабык. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 4-майдан 24-майга чейин Чүй проспектисинен Огонбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жарым-жартылай жабылган.

Мэрия мунун себебин түшүндүрдү — подрядчы «АкНазЭлбилдинг» уюму жылуулук камерасын куруу менен жылуулук тармагын тартат.

Жүрүү үчүн альтернативалык жолдор Гоголь жана Осмонкул көчөлөрү болот.

Exit mobile version