Бишкекте жеңил унаа кафени жана башка унааны сүзүп кетти —  фото

Бишкекте жеңил унаа кафени жана башка унааны сүзүп кетти —  фото

Бишкектин так ортосундагы Токтогул жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу окуянын күбөсү Жылдызбек Керимбаев билдирди.

Анын айтымында, Toyota Prius унаасы “Social Coffee” кафесин сүзүп барып токтогон. 

Башка бир күбөнүн айтымда, Toyota Prius унаасын башкарып  аял киши Токтогул көчөсү менен баратып, рулга ээ боло албай Toyota Ist унаасын андан соң кафени сүзгөн.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсыктан эч ким жабыркаган эмес. Жол кайгуул кызматы менен Тез жардам кызматы окуя болгон жерге барган.

Сүрөт: Жылдызбек Керимбаев

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>