Site icon Reporter.kg

Бишкектин тургуну Калашников автоматын мыйзамсыз сактап жүргөн

Бишкекте курал жана ок-дарыларды үйүндө мыйзамсыз сактап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматы кабарлайт.

16-март күнү эрте менен Бишкетин 12-кичи районунун жогору жагында ок атуучу курал алып жүргөн адам тууралуу билдирүү түшкөн.

Айтылган дарекке барган ыкчам топ 14 жаштагы баладан бычак жана 12 калибрлүү 4 даана ок табышкан. Андан ары өспүрүмдүн жашаган үйүнө тинтүү жүргүзгөндө, 31 жаштагы үйдүн ээси МА-АК  7,62 ок атуучу куралды жана бир нече ок-дары сактап жүргөнү аныкталган.

Аталган факт Жазык көдексинин 253-беренесинин (“Куралды,сок-дарыларды  мыйзамсыз жүгүртүү”) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Exit mobile version