Site icon Reporter.kg

Бишкектин тургунун 12,4 млн сомго алдап кеткен деп шектелген аял кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Маалым болгондой, 25-августта милицияга шаар тургуну арыз менен кайрылган. Ал билдиргендей, быйыл 20-апрелде чала тааныш аял (Б.Л.) А. Токомбаев көчөсүндөгү үйдөн «батир сатам» деген шылтоо менен баасы 70 миң долларлык Range Rover Velar, 35 миң долларлык Lexus ES 350 унааларын жана 16,5 миң доллар акчасын алган. Бирок кийинчерээк аталган батирдин акчасы төлөнбөгөнү белгилүү болгон. Ал эми акчаны алган аял аны коротуп салган.

Ага 12 млн 415,5 миң сом зыян келтирилген.

Аталган факт боюнча «алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 55 жаштагы Б.Л. аттуу аял кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда анын ушул сыяктуу башка иштерге тиешеси бар же жоктугу текшерилүүдө.

Милициянын шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркагандар болсо, 0(707) 52-52-22, же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Exit mobile version