Бишкектин Учкун кичирайонунда жылуулук берүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Жылуулукка кошуу учурунда аталган райондогу түтүктөрдө бузуулар аныкталгандыктан, жылуулук берүү убактылуу токтотулган.
Учурда жеринде бригада иштеп, бузулган жерди аныктоо иштери жүрүп жатат. Жылуулук 25-октябрда болжол менен саат 16:00го чейин берилип калары айтылды.
Жылуулук өчүрүлгөн даректер:
— Учкун кичи району, № 11, 14, 15, 16, 18, 19, 20, 21, 22, 23, 24 үйлөр (А жана Б блоктору);
— Уч-Тулга көчөсү 15; Казан Булак көчөсү 10.
Ошол эле учурда аталган даректеги үйлөргө жылуу суу берүү токтотулбайт.
«Бишкекжылуулуктармагы» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.