Site icon Reporter.kg

Бишкектин вице-мэри алмашты

Бишкек шаарынын вице-мэри Уланбек Азыгалиев кызматынан бошотулуп, анын оордуна Азамат Сагындык уулу дайындалды.

Тиешелүү жарлыкка калаа башчысынын милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койгон.

Маалыматка караганда, Азыгалиев өзү берген арыздын негизинде кызматтан алынган.

Сөз болуп жаткан вице-мэрлик кызматты ээлеген адам мэриянын, архитектура жана курулуш маселелери боюнча иш алып барат.

Exit mobile version