Бүгүн, 1-апрелде Бишкектеги «Ынтымак» сейил багындагы «Сөз эркиндиги» аталышындагы көчөт отургузуу акциясы өттү.
Акцияга мамлекеттик жана менчик жалпыга маалымат каражаттарынын, Кыргызстанда иш алып барып жаткан эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана министрлик-мекемелердин басма сөз катчылары катышты.
Акциянын катышуучулары сейил бакка 200 көчөт отургузду.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз