Site icon Reporter.kg

Бишкектин жаңы аймактары мүмкүн болушунча тезирээк шаардын курамына кириши керек

Март айында президенттин жарлыгы менен аныкталган аймактарды шаарга кошуу аркылуу Бишкек расмий түрдө кеңейди. Борбордун аянты үч эсеге – 12,9 миң гектардан 38,6 миңге чейин чоңойду.

Бишкекте жүргүзүлгөн административдик-аймактык реформа (ААР) мурда айыл болгон жаңы аймактарды борбордун курамына киргизүү менен анын чек арасын кыйла кеңейтти. Бишкектин курамына кошулган жаңы аймактарга төмөнкүлөр кирет:

Аталган аймактарды Бишкек шаарына кошуунун негизги максаттары — аймактардын социалдык-экономикалык жана жаратылыш ресурстук потенциалын сарамжалдуу пайдалануунун негизинде айыл аймактарынын жана шаарлардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу; башкарууда структуралык өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу жана калкты тейлөөнүн сапатын жогорулатуу жана калктын бакубаттуулугун камсыз кылуу болуп саналат.

Ушул максаттардын бардыгына жетишүү үчүн борборго жаңы райондорду тез арада интеграциялоо зарыл. Ошондуктан «Эмгек» партиясы бул маселенин чечилишин өз программасына киргизген. Жогоруда белгиленген аймактардын жашоочулары толук кандуу муниципалдык кызматтарга муктаж.  Бул турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртууга жана турак-жай-коммуналдык чарба системаларын модернизациялоого багытталган иш-чаралардын бүткүл комплексин ишке ашырууну талап кылат.

«Аталган айылдар Бишкектин курамына кирди. Бул президентибиздин абдан туура жана өз убагында кабыл алган чечими. Бирок азырынча алар формалдуу түрдө гана шаардын бир бөлүгү болуп саналууда. Учурда бул аймактардын жашоочулары үчүн эч нерсе өзгөргөн жок – аларда жол инфраструктурасы начар, газ жок, кээде электр жарыгы да өчүрүлөт, инженердик коммуникация көйгөйлөрү да чечиле элек. Ал эми мектептер, бала бакчалар, медициналык жана маданий мекемелер борборго качан кошулганына карабастан, Бишкектин ар бир конушунда болууга тийиш», — дейт Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Сыргак Майрамбек уулу.

Жаңы конуштардын жана борбордун жаңы райондорунун негизги маселелерин чечүү үчүн конкреттүү аткаруучулары жана мөөнөттөрү көрсөтүлгөн, баскычтуу чечимдер каралган өнүгүү планын иштеп чыгуу зарыл экендигин партия анык түшүнөт. Мындан тышкары, бул аймактардын жашоочуларынын жашоо шарттарын комплекстүү инвентаризациялоо, көйгөйлөрдү чечүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо, ошондой эле аларды ишке ашыруу үчүн тийиштүү чыгаша статьяларын бюджетте бекитүү зарыл.

Эскерте кетсек, Бишкек шаардык кеңешине шайлоо 17-ноябрда өтөт. «Эмгек» партиясы шайлоо бюллетениндеги катар саны — №4.

«Эмгек» саясий партиясынын шайлоо фондундагы каражаттарынын эсебинен каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жокоева Ж.Ж. тарабынан төлөндү

Exit mobile version