Site icon Reporter.kg

Бишкектин жолдорун оңдоодо 360 млн сом уурдалган

Бишкектин жолдорун оңдоого кеткен каражаттан 360 миллион сом уурдалган. Бул тууралуу шаар мэри Айбек Жунушалиевге шилтеме берүү менен «Азаттык» жазды.

Жунушалиев Бишкектин жолдорун оңдоого жооптуу муниципалдык ишкананын 934 миллион сом дебитордук карызы бар экенин тастыктады.

«934 миллион сомдун баары дебитордук карыз, бирок анын 360 миллион сому уурдалган. Мен азыр жаңы имараттарды кыдырып, жолдордун курулушун текшерем. Аткарылып жаткан иштер, токтоп калган иштер бар. Акча уурдалганы боюнча текшерүүлөр боло баштайт», — деп билдирет шаардын мэри.

Мэрдин айтымында, чогултулган материалдар тергөө үчүн прокуратурага өткөрүлүп берилди.

Exit mobile version