Site icon Reporter.kg

“Бишкекжашылчарба” ишканасынын перилери – сүрөт

«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасында 7 айым кызматкер 15 жылга жакын убакыттан бери борбор калааны жашылдандыруу менен алектенишет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган ишканада Алтын Бакирова, Гүлнара Тилабердиева, Алма Акыбаева, Гүлнара Жунусалиева, Салкын Абдрасулова, Назлы Кадырова жана Назгүл Качымова сыяктуу кызматкерлер иштешет.

“Шаарга көрк берип келген гүлдөрдүн эң алгачкы көчөттөрү кышында себилет, андан кийин ишкананын кызматкерлери чөйчөкчөлөргө отургузуп, борбор калаанын көчөлөрүнө отургузганга чейин сүйүү менен өстүрүшөт. Андан да мурда, күзүндө жоогазындар отургузулуп, жаздын келиши менен апрель айында Бишкектин көркүн ачат.Бул татаал, бирок шаар үчүн өтө маанилүү иштердин бардыгы ишкананын күнөсканаларында аткарылат”, — деп айтылат маалыматта.

Бишкектин багбандары жаш балдардай эле эң кичинекей уруктардан гүл өстүрүп, жаз-жай айларында шаардыктардын суктануусуна тартуулашат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version