Site icon Reporter.kg

Биздин дүйнө чоң кыйынчылыкта, — БУУнун башкы катчысы (видео)

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерриш эл аралык коомчулукту пикир келишпестиктерди жеңүүгө чакырды. Бул тууралуу маалымат БУУнун сайтында айтылат.

БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында сүйлөгөн сөзүндө Антониу Гутерриш адамзаттагы акыркы кездеги көптөгөн кризистерди санап өттү. Алар — согуш, климаттын өзгөрүшүнүн катастрофалык кесепеттери, күчөгөн теңсиздик жана жакырчылык, дүйнөнүн көптөгөн аймактарындагы ачарчылык коркунучу.

«Биздин дүйнө чоң кыйынчылыкта. Бизге бардык багыттар боюнча иш-аракеттер керек. Эч кандай иллюзияга кабылбайлы. Ишеним кыйрап жатат. Теңсиздик кескин өсүп жатат. Биздин планета өрткө курчалды. Бириккен Улуттар Уюмунун Уставы жана ал чагылдырган идеалдар от алдында турат. Адамдар азап чегип жатат, ал эми эң аялуу адамдар эң көп азап чегип жатышат. Биз аракет кылышыбыз керек», — деди Антонио Гутерриш.

Президент Садыр Жапаров 20-сентябрда Нью-Йорк шаарындагы (АКШ) Бириккен Улуттар Уюмунун Катчылыгынын имаратында БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушуп, талкуу жүргүзүшкөн.

Жапаров БУУнун Башкы катчысы Гутерриш менен жолугушту

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version