Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту блогер Айбек Улановду 4-июлга чейин №1 тергөө абагына (СИЗО-1) камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы кабарлады.
Айбек Уланов өзүнүн социалдык баракчаларында Кара-Кулжада күйөөсү тарабынан өлтүрүлгөн Айзирек Эралиеванын аброюна шек келтирген билдирүүлөрдү жарыялаганы үчүн кармалган.
Ага Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесине (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) ылайык кылмыш иши козголгон.