Блогер Sydyman үй камагына чыгарылды

Блогер Sydyman үй камагына чыгарылды

Блогер Элмир Сыдыманов үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди бүгүн, 28-февралда Бишкек шаардык соту чыгарды.

Элмир Сыдыманов: «Сот менин айткандарым хейтерлерге экенин түшүндү. Мен түштүк-түндүк  деп бөлүп жаргым келген эмес. Ош жергесинин элин таарынткым келбейт. Дагы бир жолу Ош элинен кечирим сурайм».

Белгилей кетсек, блогер Эльмир Сыдыманов 17-февралда аймак аралык кастыкты козутууга шектелип кармалган. Октябрь райондук соту анын баш коргоо чарасын карап,  блогерди №1 тергөө абагына киргизүү чечимин кабыл алган.

Блогер буга чейин өзүнүн  “Инстаграм” баракчасынан  түз эфирге чыгып,  Кыргызстандын айрым облустарында колдонулган сөздөрдү сындаган. Анын сөзү интернетте кызуу талкууга алынган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>