Site icon Reporter.kg

Блогер «Sydyman» эки айга камакка алынды

“Sydyman” деген ат менен таанымал блогер Элмир Сыдыманов эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Бишкектин Октябрь райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Чечимди Октябрь райондук соту чыгарып, шектүү №1 тергөө абагына (СИЗО-1) киргизилген.

Блогер буга чейин өзүнүн  «Инстаграм» баракчасынан  түз эфирге чыгып,  Кыргызстандын айрым облустарында колдонулган сөздөрдү сындаган. Анын сөзү интернетте кызуу талкууга алынган.

Милиция аны 17-февралда Жазык кодексинин 313-беренесинин негизинде (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) кармаган.

Exit mobile version