Site icon Reporter.kg

Блогер Улукбек Карыбек уулу сурактан чыкты — видео

Блогер Улукбек Карыбек уулу милициянын сурагынан чыкты. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасындагы түз эфирде билдирди.

Анын айтымында, ал Ысык-Ата райондук милициясынын тергөөчүлөрү тарабынан 4 жарым саат суракка алынган.

4 жарым саат сурак берип чыктым. Тергөөнүн купуялуулуктары боюнча тил катка кол коюп бердим. Ошондуктан барын ачык айтууга болбойт. Тергөөчүлөр тарабынан эч кандай басым, кысым болгон жок. Ысык-Ата районундагы Тажикстандан келген кайрылмандардын жагдайлары боюнча берүү чыгаргам. Ошонун үстүнөн Венера Шаршеева тарабынан арыз түшүптүр. Негизинен качкындар жөнүндө маселе жана эл аралык мыйзам дагы орчундуу экен”, — деди Карыбек уулу.

Буга чейин өзү милицияга суракка чакырылганын билдирген болчу.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version