Site icon Reporter.kg

Блогер Жанара Осмоналиева үч суткага камалды

Блогер Жанара Осмоналиева майда бейбаштык беренеси менен 3 суткага камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы бүгүн, 17-июнда билдирди.

Милициянын маалыматында, 16-июнь күнү соцтармакта жүргүзүлгөн мониторингде Инстаграмда «zhanxo” аты менен таанылган блогер өз баракчасында адепсиз, оозго алгыс сөздөр менен коштолгон видео жарыялаганы аныкталган.

Тиешелүү иш-чаралардын жыйынтыгында 32 жаштагы блогер Тергөө кызматына жеткирилген. Андан кийин Ленин райондук сотунун чечими менен ал Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесинин (майда бейбаштык) негизинде 3 суткага камакка алынган.

Бишкек ШИИБи жарандарды жеке баракчаларында адепсиз мазмундагы билдирүүлөр жарыяланса, мындай жагдайлар коомчулукта, айрыкча жаштар арасында, терс таасирин жаратып, айрым учурда пикир келишпестиктерге алып келиши мүмкүн экендигин эскертип, мындай аракеттерге тиешелүү чаралар көрүлөрүн билдирди.

Exit mobile version