Блокпосттордо кызмат өтөгөн аскерлер үчүн талаа госпиталы ачылды

Блокпосттордо кызмат өтөгөн аскерлер үчүн талаа госпиталы ачылды

Кыргызстандын Куралдуу  күчтөрүнүн “Ала-Тоо” окуу борборунун базасында аскердик-талаа госпиталы ачылды. Бул тууралуу Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, талаа госпиталына буга чейин блокпосттордо кызмат өтөгөн аскерлер обсервацияга жаткырылган.

Талаа госпиталы 76 койка-орунга ылайыкталып, заманбап медициналык жабдыктар жана техникалар менен анын ичинде өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар менен жабдылган.

Госпиталга жаткырылган өздүк курамдын баары коронавируска ПЦР анализ тапшырышкан. Алар 14 күн бою алар аскер дарыгерлеринин көзөмөлүндө болушат, бардык керек болгон медициналык жардам жеринде көрсөтүлөт.

Мындан тышкары, “Ала-Тоо” окуу борборунун аймагында мончо-жуунуну уюштуруу үчүн таалаа душу орнотулган. Аскерлер кызматкерлерине  күнүгө 3 маал ысык тамак даярдалат.
[su_image_carousel source=»media: 28518,28519,28520,28521,28522,28523,28524,28525,28526,28527,28528,28529,28530″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>