Бобков: Азыркы жубайым мурдагы аялымды үйгө конокко чакырган

Бобков: Азыркы жубайым мурдагы аялымды үйгө конокко чакырган

Кыргыз Эл артисти Юрий Бобков уулу Денис Бобков менен Жанетанын ажырашуусу ага катуу тийгенин «Super.tv’га» интервью берип жатып айтты.

Бобков ажырашуу алардын эле үйбүлөдө орун алган  жок экенин белгиледи.

«Мен Денисти кандай көрсөм Жанетаны дагы өз кызымдай жакшы көрчүмүн. Ажырашуу бул балдарымды жеке чечими болду, мен Жанетаны жамандабайм, ал жакта дагы менин эки неберем бар. Неберелерим үйгө келип турат», — деди Юрий Бобков.

Мындан тышкары ал азыркы жубайы Асель Осмонова мурдагы аялы Людмила тууралуу көп жакшы сөз угуп аны үйгө конокко чакырганын билдирди.

«Людмиланы Асель чакырды, мен классташтарымды чакырдым. Алар Людмила келе турганын билишчү эмес. Короого алып кирсем эле баары шок болушту,  анткени Людмиланы баары жакшы көрүшчү», — деди ал.

Юрий Бобковдун биринчи аялынан бир баласы бар. Учурда ал 44 жашта. Ырчынын жалпы 7 баласы, 14 небереси бар.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>