Site icon Reporter.kg

Бокс боюнча курама команданын мурдагы башкы машыктыруучусу каза болду

Бокс боюнча Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу, СССРдин спорт чебери, республиканын он жолку чемпиону жана ири эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү Адылкан Бекболотов дүйнөдөн кайтты.

Ал бокстун өнүгүшүнө жана калыптанышына эбегейсиз салым кошкон. 2009-2017-жылдары Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп эмгектенген.

2017-жылдан бери Бишкек шаарындагы спорт мектебинде бокс боюнча машыктыруучу болуп иштеп келген.

Exit mobile version