Site icon Reporter.kg

Азия чемпионаты: Боксчу Омар Ливаза жарым финалга чыкты

Кыргызстандык спортчу Омар Ливаза Шри-Ланкада өтүп жаткан бокс боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатында жарым финалга чыкты.

Учурда Коломбо шаарында 22 жашка чейинки спортчулар арасында турнир өтүүдө.

Ливаза 63 кг салмакта күч сынашып, ага 6 спортчу кирген. Кыргызстандык боксчу 16-майда болгон алгачкы беттешинде индиялык спортчу менен беттешип, атаандашын эки жолу нокдаунга түшүрүп, ишенимдүү жеңишке жетишкен.

Ливаза жарым финалга чыгып, 21-майда тажикстандык Руслан Гафуров менен беттешет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version