Site icon Reporter.kg

Болгариядагы мелдеш: Акжол Махмудов жарым финалда (видео)

GR 77kg Akzhol MAKHMUDOV (KGZ) df. Rafig HUSEYNOV (AZE)

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов (77 кг) Болгариянын София шаарында өтүп жаткан Dan Kolov-Nikola Petrov мелдешинин жарым финалына чыкты.

Ал бүгүн, 4-мартта, мелдештин үчүнчү күнүндө килем үстүнө чыгып, беттешти квалификациялык баскычтан баштады. Анын биринчи атаандашы норвегиялык Жоан Аак болуп, Махмудов аны 6:1 эсебинде утту.

1/8 финалда ал грециялык балбан менен күрөшүп, аны 9:0 эсебинде жеңип алды.

Ал эми, чейрек финалда Махмудов польшалык балбанды 10:0 эсебинде утту.

Эскерте кетсек, аталган мелдеште Жоламан Шаршенбеков да (60 кг) жарым финалга чыкты.

Болгариядагы мелдеш: Шаршенбеков жарым финалга чыкты (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version