Site icon Reporter.kg

Болгариядагы мелдеш: Жоламан Шаршенбеков алтын утту (видео)

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Жоламан Шаршенбеков (60 кг) Dan Kolov-Nikola Petrov мелдешинде алтын утту.

Шаршенбеков 4-мартта килем үстүнө чыгып, беттешти квалификациялык баскычтан баштаган.

Биринчи кармашында ал болгариялык балбан менен күрөшүп, аны бир мүнөткө жеткирбей 9:0 эсебинде жеңип алган.

Чейрек финалда Шаршенбеков америкалык балбанды 9:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңген. Жарым финалдагы кармашта атаандашы ирандык балбан болуп, аны 10:2 эсебинде уткан.

Ал эми, финалдык беттеш бүгүн, 5-мартта болуп өттү. Шаршенбеков алтын байге үчүн польшалык балбан М. Тракз менен күч сынашты. Беттештин биринчи бөлүгүндө ал атаандашынын далысын жерге басып, таза жеңишке жетти.

Эскерте кетсек, аталган мелдеш Болгариянын София шаарында өтүүдө. Ал 2-мартта башталган, бүгүн, 5-мартта жыйынтыкталат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version