Болон системасына өтө элек убакта Абылгазиев магистратураны кантип аяктаган?

Болон системасына өтө элек убакта Абылгазиев магистратураны кантип аяктаган?

Мухаммедкалый Абылгазиевдин басма сөз катчысы Адилет Султаналиев өкмөт башчынын дипломду кантип алгандыгы тууралуу билдирүү жазган интернет колдонуучусуна жооп берди.

Басма сөз катчынын айтымында, Абылгизиев 1997-жылы Кыргызстан Эл аралык университетинин бизнес жана экономика факультетинде магистр даражасын аяктаган.

Султаналиевдин белгилешинче, 1997-жылы эле Кыргызстандын билим берүү тармагына Болон сиситемасы киргизилген.

Бирок Абылгазиев окууну аяктаган Эл аралык университеттин сайтындагы маалыматта, аталган окуу жай 2020-жылы Болон системасына өткөндүгү жазылган.

Буга чейин Айбек Хакимов аттуу “Фейсбук” колдонуучусу Кыргызстан Эл аралык университетинин 1997-жылкы бүтүрүүчүлөрүнүн арасында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жок болгондугун жазып чыккан.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин өмүр баянында 1997-жылы Кыргызстандын Эл аралык университетинин экономика жана бизнес факультетин аяктагандыгы көрсөтүлгөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>