Site icon Reporter.kg

Болот Абдыжапаров Сүлүктү шаарына мэр болду

Болот Абдыжапаров Баткен облусундагы Сүлүктү шаарына мэр болду. Бул тууралуу буйрукка президент Садыр Жапаров 3-мартта кол койгонун Reporter.kg′ге Абдыжапаров өзү билдирди.

Анын айтымында, бүгүн президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Исаков коллективине тааныштырган.

Ал буга чейин Нарын облусунун Ат-Башы районунун админстрация башчысынын орун басары болуп иштеп жаткан болчу.

Ал эми Сүлүктү шаарын Максат Кадыркулов жетектеп турган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version