Site icon Reporter.kg

Болот Шамшиев менен коштошуу зыйнаты опера жана балет театрында өтөт

Кыргыз Эл артисти, белгилүү режиссёр Болот Шамшиев менен коштошуу зыйнаты 24-декабрда Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында болот. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Ошондой эле министрлик Болот Шамшиевдин сөөгү  «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюла турганын кошумчалады.

Айта кетсек, белгилүү режиссёр кечээ, 21-декабрда оорудан улам каза болгон. Ал ноябрь айынын соңунан бери президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына караган атайын клиникада даарыланып жаткан.

[su_heading size=»20″ align=»left» margin=»30″]Советтик кыргыз кино актёру, кинорежиссер, сценарист жана СССрдин эл артисти Болот Шамшиев 1941-жылы 12-январда Бишкек шаарында (мурдагы Фрунзе) төрөлгөн.

Ал “Караш-Караш”, “Ысык-Көлдүн кызгалдактары”, “Ак кеме”, “Эрте жаздагы турналар”, “Бөрү зындан” ж.б. бир катар көркөм жана даректүү тасмаларды тарткан.[/su_heading]

Exit mobile version