Site icon Reporter.kg

Болот Темиров боюнча видеону тараткан милиция кызматкерлери жазаланды

Журналист Болот Темиров анализ тапшырган наркологиядагы видеону тараткан милиция кызматкерлери жазаланды. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев бүгүн, 9-февралда маалымат жыйында билдирди.

Милиция кызматкерлери кандай жазага тартылганын башкы прокурор тактаган жок.

Ал ошондой эле кимдир-бирөөлөр социалдык тармактарга жарыялаган Темиров Live компаниясынын кызматкеринин жеке жашоосун чагылдырган видеону прокуратура текшерип жатканына токтолду.

Exit mobile version