Болот Темировго кол салууну ИИМ жетекчилиги жеке көзөмөлүнө алды

Болот Темировго кол салууну ИИМ жетекчилиги жеке көзөмөлүнө алды

Factcheck.kg сайтынын редактору Болот Темировго кол салууну Ички иштер министрлигинин жетекчилиги жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

“Аталган кылмыш окуясынын бетин ачуу жана күнөлүүлөрдү аныктап жоопкерчиликке тартуу боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди. Учурда кылмыштын бетин ачуу үчүн Бишкек шаардык ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө, издөө иш чаралары жүргүзүлүүдө”, — деп жазылат министрликтин маалыматында.

Белгилей кетсек, Болот Темировго бүгүн, 9-январда  Эркиндик жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинен 3 адам кол салып,  күч колдонуу менен телефонун тартып алышкан.

Factcheck.kg сайты Кыргызстандагы маалыматтардын чын-төгүнүн изилдеп келет. Басылма жакында эле Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жубайы Уулкан Тургунованын социалдык тармакка жүктөгөн аксессуарларынын баасын иликтеп чыккан. Мындан көп өтпөй анын сайты хаккердик чабуулга кабылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>