Жалал-Абад, Нарын, Талас жана Чүй облусундагы айылдардын аталышы өзгөрөт. Бул тууралуу токтом долбоор коомдук талкууга сунушталды.
Өзгөргөн айылдардын тизмеси жаңы аталышы:
Аксы районундагы Таштак айылы — Малкалды айылы;
Ноокен районунун Параканда айылы — Баракелде айылы;
Кочкор районунун Большевик айылы — Баялы Исакеев айылы;
Бакай-Ата районунун Ынтымак айылы — Шадыкан айылы;
Манас районунун Новодонецк айылы — Айтматов айылы;
Талас районунун Козучак айылы — Жанкороз-Олуя айылы;
Талас районунун Балбал айылы — Жаныбек-Баатыр айылы;
Москва районунун Чоң-Арык айылы — Сыйдалы айылы;
Ак-Суу районунун Теплоключенка айылы — Ак-Суу айылы.