Бишкек шаарындагы №33 мектептин 9-классынын окуучулары кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
14-15 курактагы өспүрүмдөр бейбаштыкка шектелүүдө.
УКМКнын маалыматында, окуучулар окуу процессин үзгүлтүккө учуратуу максатында фейк аккаунттарды колдонуп, мектептин электрондук дарегине бомба тууралуу жалган билдирүүлөрдү жөнөтүшкөн.
“Алар ата-энелеринин көзүнчө жасаган кылмыштарын моюнга алышкан. Учурда бул өспүрүмдөрдүн Бишкектеги жардыруулар боюнча анонимдүү башка маалыматтарга катыштыгы текшерилүүдө”, — дейт УКМК.
УКМК мындай кылмыш үчүн 1-3 жылга чейин түзөтүү жумуштарына тартуу же 50 миң — 100 миң өлчөмүндө айыппул, 5 жылга жылга эркинен ажыратуу жазасы каралганын эскертет.
Белгилей кетсек, акыркы жумада эле №33 мектептин окуу процесси 2 жолу токтотулуп, мугалимдер жана окуучулар эвакуацияланды.
Бүгүн №67 мектепте жардыруучу зат коюлганы тууралуу маалымат түшкөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз