Site icon Reporter.kg

Бообек Салимжанов президенттин иш башкаруучусунун 1-орун басары болду

Бообек Салимжанов президенттин иш башкаруучусунун биринчи орун басары болуп дайындалды.

Өлкө башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон.

“Конституциянын 71-беренесине ылайык Салимжанов Бообек Эркинбекович президенттин иш башкаруучусунун биринчи орун басары болуп дайындалды”, — деп айтылат маалыматта.

Бообек Салимжанов буга чейин Кыргызстандын Екатеринбургдагы консулу кызматын аркалап келген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version