Site icon Reporter.kg

Боом капчыгайында таш түшүрүлүп, жол жарым-жартылай жабылат

28-30-апрель күндөрү Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында, Боом капчыгайынын аймагында  кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасы билдирди.

Таш түшүрүү күндүзү саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлүп, жол унаалар үчүн жарым-жартылай жабылат. Жол тазаланган учурда унаалар бир тилке менен өткөрүлөт.

Аталган ишкана айдоочулардан сапарды алдын ала пландап коюуну суранды.

Exit mobile version