Боом капчыгайында жол эки тараптуу ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка караганда, жол 2-августка караган түнү толук ачылган.
Буга чейин 1-августта Ысык-Көл облусунун Тоң районунун аймагындагы Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 154-155-чакырымында Боом капчыгайында жаан-чачындан пайда болгон селдин кесепетинен көчкү түшүп, жолдун эки багытын жаап калган.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда