Site icon Reporter.kg

Боом капчыгайында жол кырсыктан үч киши жабыркады

Боом капчыгайында болгон кырсыктын кесепетинен үч адам жабыркады. Бул тууралуу Жол кайгуул кызматынан билдиришти.

Көмүр жүктөлгөн КамАЗ Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолу менен борборду көздөй бара жатканы такталган. Honda Fit унаасынын айдоочусу жүк ташуучу унаадан ашып өтүүгө аракет кылып, чиркегичтин астына кирип кеткен.

Кырсыктын кесепетинен Honda Fit унаасындагы үч адам жабыркады. Алар аймактык ооруканага жеткирилген.

Exit mobile version