Site icon Reporter.kg

Боом капчыгайында жол тайгак, тыгын

Бишкек-Балыкчы жолундагы Боом капчыгайында жол тайгак болуп, жол тыгын жаралды. Бул туурасында Reporter.kg ге окурмандар фото, видео жөнөттү.

Окурмандардын айтымдарында, Боом капчыгайында узун жол тыгын жаралып, жолдор тайгак. Эч кандай кум себилген эмес. Кар жаап жатканын билип туруп, туз-кум себилбегенине айдоочулар нааразы болуп жатат.

Exit mobile version