Боом капчыгайында жолду 5 күн айрым убактарда жабат

Боом капчыгайында жолду 5 күн айрым убактарда жабат

Боом капчыгайында 5-апрелден 9-апрелге чейин көчкү коркунучун жараткан таштарды атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 117-118-чакырымдарында жана темир жол өткөн 3885-3886-чакырымдарда кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт.

Мындан улам жолдор саат 09:00дөн 15:00гө чейин жабык болот.

Мамлекеттик ишкана жарандарга автоунаа менен барчу жолду алдын ала пландаштырууну сунуштайт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>