Site icon Reporter.kg

Боомдо кайра сел жүрүп, жол жабылды — видео

Бүгүн, 5-августта Боом капчыгайында кайрадан сел жүрүп, жол жабылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коппсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Селдин айынан Бишкек—Нарын—Торугарт жолунун 134-135-чакырымындагы жол буулган. Учурда жолду тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Жол жакынкы сааттарда тазаланылары кабарланды.

Жол жабылгандыгына байланыштуу ЖКККББ кызматкерлери айдоочулар менен тушүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Буга чейин Боом капчыгайында сел жүргөнү жана жол эки тараптуу жабылганы маалымдалган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version