Site icon Reporter.kg

Боомдо «Кыргыз милициясына 100 жыл» деген жазуу пайда болду (видео)

Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Боом капчыгайындагы тоонун бооруна «Кыргыз милициясына 100 жыл» деген жазуу түшүрүлдү. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Аталган демилге ИИМдин Күзөт кызматы тарабынан көтөрүлүп, ишке ашырылды.

Иш-чарада Күзөт кызматынын башчысы Оролбек Акпаров өлкөнүн өнүгүшүнө милициянын кошкон салымын айтып, мыйзамдуулукту жана тартипти камсыздоодогу анын ролунун маанилүүлүгүн белгилеген.

Exit mobile version