Site icon Reporter.kg

Боомдо Sprinter’дин жолун тороп токтотуп, айдоочусун сөккөн жаран айыпка жыгылды (видео)

Боом капчыгайында Mercedes-Benz Sprinter унаасынын жолун тороп токтотуп, айдоочусун сөккөн жаран айыпка жыгылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, буга чейин президенттин мурдагы кеңешчиси Болот Ибрагимов «Инстаграмдагы» баракчасына бир видео чыгарып, анда Kia K7 унаасынын айдоочусу Mercedes-Benz Sprinter’дин жолун тороп токтотуп, андан кийин унаанын айнегин ургулап, айдоочуну сөккөнү тартылган.

Жол милициясынын маалыматы боюнча, аталган окуя 8-сентябрда «Бишкек — Нарын — Торугарт» унаа жолунун 128-чакырымында болгон.

Видео соцтармактарга чыккандан кийин Чүйдүн жол милициясынын кызматкерлери айдоочуну таап, Укук бузуулар кодексинин 189-38-беренелерине ылайык айдоочуга 30 миң сом айып пул салган.

Ошондой эле анын Kia K7 унаасы айып короого токтотулган.

Exit mobile version