Site icon Reporter.kg

Боомдо таш түшүрүлүп, жол жарым-жартылай жабылат. Убактысы

Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 129-чакырымындагы Боом капчыгайында ишканасы 20-24-май күндөрү кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүрөт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасы билдирди.

Маалыматка караганда, иш күндүзгү саат 9:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлүп, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы инспекциясынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай жабылышы менен коштолот.

Бул учурда унаа кыймылы бир тилкеге ​​багытталат. Эгерде 30-40тан ашык унаа топтолуп калса, унааларды өткөрүү үчүн таш түшүрүү иштери убактылуу токтотулат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version