Site icon Reporter.kg

Боомдо таш түшүрүлүп, жол жарым-жартылай жабылат. Убактысы

19-майдан 23-майга чейин (аба ырайына жараша) Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 128-чакырымында, Боом капчыгайында (темир жолдун 3898-чакырымында) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы билдирди.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан жол жарым-жартылай жабылгандан кийин күндүз саат 9:00дөн 15:00гө чейин иштер жүргүзүлөт.

Жолду тазалоо учурунда унаа кыймылы бир тилкеге ​​багытталат. 30-40тан ашык унаа топтолуп калганда таш түшүрүү иштери токтотулуп, унаалардын өтүшүнө уруксат берилет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version