Site icon Reporter.kg

Боомдо таштарды кулатуу иштери жүрөт

Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүрүп, жол маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, таш кулатуу иштери 4-октябрдан 8-октябрга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 131-чакырымында (Боом капчыгайы, темир жолдун 3901-чакырымы) жүргүзүлөт. Мындан улам жолдор саат 09:00дөн 15:00гө чейин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жабылат.

Жолду тазалоо учурунда транспорт бир тилке боюнча багытталат. 30-40тан ашык унаанын топтолушу менен таштарды түшүрүү иштери токтоп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет.

Мындай иш-чаралар аталган тилкеде таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.

Exit mobile version