Site icon Reporter.kg

Боомдо таштарды кулатуу үчүн жол жабылат

Боом капчыгайында таштарды түшүрүү пландалууда. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

«Иштер 10-ноябрдан 12-ноябрга чейин, ошондой эле 15-ноябрдан 19-ноябрга чейин күндүз жүргүзүлөт. Таштарды түшүрүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 09.00дөн 15.00гө чейин ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын кызматкерлери жолду жарым-жартылай тоскондон кийин болот», — деп айтылат компаниянын маалыматында.

Жолду тазалоо учурунда транспорт бир тилкеге ​​багытталат. 30-40тан ашык унаа топтолуп калса, аларды өткөрүү үчүн иш токтотулат.

Exit mobile version