Site icon Reporter.kg

Боомдо жол бир тараптуу ачык (сүрөт)

Боомдо жол бир тараптуу ачык, деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, Ысык-Көлдүн Тоң районуна караштуу тилкесин алдын ала маалымат боюнча, бүгүн саат 14:30 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен тоодон чогулган сел каптаган.

Бишкек – Балыкчы – Каракол унаа жолунун 144-145-чакырымы жана 154-155-чакырым аралыктарында 2 тилкеде сел катталды. Учурда жол бир тарапту ачык.

Кыян жүрүп, сел каптаган жерге тактоо жана тазалоо иштерин жүргүзүгө Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 3 куткаруучу, №32 ЖТИден 1 грейдер, 1 жүктөгүч, №10 ЖТИден 1 грейдер, 1 жүктөгүч тартылды.

Буга чейин Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолу сел сууларынан тазаланып жатканы маалымдалган. 

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

 

Exit mobile version