Site icon Reporter.kg

Боор алмаштыруу операциясынан кийин биринчи донор ооруканадан чыкты

Кыргызстанда боор трансплантациясынан кийин биринчи донор үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Ал 15 күндөн бери хирург, трансплантолог, гастроэнтеролог жана реаниматологдун көзөмөлүндө болду.

Министрликтин маалыматында, операциядан кийин донорлордун жана реципиенттердин боорлору ийгиликтүү иштеп жатат.

«Реципиенттердин биринде трансплантацияланган боор 450-500 граммдан 800 граммга, экинчисинде 1 килограммга чейин өскөн, бул операциялардын оң натыйжасын көрсөтүп турат», — дейт саламаттыкты сактоо министрлиги.

Белгилей кетсек, 15-июнда 2 аялга Бишкектеги кыргыз-түрк достугу ооруканасында акысыз боор алмаштыруу операциясы жасалды. Ага Түркиядан Инөнү университетинин (Малатия) ректору, профессор, академик Ахмет Кызылай баштаган университеттин клиникасынын трансплантологдор тобу келген.

Бишкекте боорун алмаштырган бейтаптардын абалы айтылды

Exit mobile version